super.kg logo

Алайда жер көчкү бир күндө бир метр жылды. Адамдар көчүрүлдү

 

Алай районунда эски жер көчкүсү активдешип, жылып жаткандыгына байланыштуу адамдар коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кооптуу болгон бул аймакта жалпы 7 турак үй бар, анын ичинен 5 үйдүн ээсине ӨКМ тарабынан мамлекеттик жардам көрсөтүлүп, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми экөөнө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, туугандарыныкына, коопсуз жайга көчүрүлдү.

Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 334 миң 500 куб метр. Бир күн ичинде жер көчкү болжолдуу 1 метр аралыкка жылган.
Жер көчкү Алай районунун Будалык айыл аймагынын башчысынын көзөмөлүнө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: