super.kg logo

Талкууга алынган 21 миллион: Депутат аны айтканы үчүн аброюна шек келтирип жатышканын айтты

 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Надира Нарматова иш учурунда каза болгон прокурорлорго берилүүчү 21 миллион сомду айтып чыкканы үчүн коомчулукта кызуу талкуу башталганын айтты.

Депутат өз сөзүндө мыйзамды жакшы билерин, ал жерде компенсациянын суммасына гана таң калып суроо салганын билдирди.

"Мен бүгүн сүйлөбөй эле коёюн дедим эле, бирок анча-мынча тактоо киргизүү үчүн сүйлөөгө мажбур болуп жатам. Биз өткөндө комитеттин жыйынында Каржы министрлиги сунуш кылган токтомду колдоп бергенбиз. Ал иш үстүндө каза болгон прокурорго бир жолку компенсация төлөп берүү боюнча.

Биз бардыгын жакшы билебиз, азыр түшүнгөнү дагы, түшүнбөгөнү дагы кыскасы коомчулукта туура эмес пикир жаралып, керек болсо депутаттарыбыз өздөрүнчө түрдүү интервьюларды бергенге жетишип жатышат. Бул өзү туура эмес.

Эмне үчүн мен бул жөнүндө айткым келип жатат. Ошол жерде Камила Абдыразаковна экөөбүз бюджеттеги 21 миллион акча эмне үчүн бир адамга берилерин айтып, кооптонгонбуз", - деди Нарматова.

Ал ошондой эле мыйзамды жакшы билгени үчүн миллиондогон сом берилип жатканына таң калганын билдирди.

"Бир жылдык айлык акысын алып туруп, анан пенсияга кетет экен. Ошого таң калып анан суроо бергенбиз. Коомчулукта туура эмес пикир жаралып, прокурорлорго жармашып алгандарга таң калып жатам. Бул жерде бюджеттин акчасын үнөмдөө боюнча көзөмөл болушу керек да. Эмне үчүн катардагы адам жөн эле пенсияга чыгып кетет?

Экинчиден жекече биз эч кимге асылган эмеспиз. Көзү өтүп кеткен прокурорго бейишин берсин. Бул жерде туура эмес сумма, эмне үчүн мындай болот деген маселе болгон.

Бизди эми эмне деп гана айтып жатышат. "Сабатсыз", "Түшүнбөйт" деп дагы айтып жатышат. Кыскасы чындыкты айтып койгонубуз үчүн биздин жекече аброюбузга шек келтирилишин каалабайбыз", - деди Нарматова.

Ошондой эле ал бул мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керектигин айтты.

"Сөзсүз түрдө жардам кылыш керек, бирок мынчалык деңгээлде эмес да. Бир миллиондоп акчаны эмнеге алышат", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: