Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында онлайн казино ойноду (видео)
Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында онлайн казино кантип иштээрин көрсөттү.
Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов кайсы номурду жакшы көрөрүн жыйын алдында эмне себептен сураганын айтты.
"Жыйын башталар алдында сизден кайсы номурду жакшы көрөрүңүздү сурадым. Сиз 7 дедиңиз. Сиздики 7 болсо меники 17. Азыр сиздин көзүңүзчө онлайн казиного кирем. Орус рулеткасы кандай ойнолсо онлайн казинодо 7 жана 17 деген санды мына койдум. Ушундай эле биздин жүздөгөн жарандарыбыз ачык-айкын эле онлайн казиного кирип, сызга отуруп жатышат.
Кечээ өз көзүм менен барып көрүп келдим. Унааларын, апасынын шакектерин, үйүн сатып жатышат. Мына азыр 7 секунд калды. Азыр жыйынтыгын көрсөттү мына, сиз экөөбүз утулдук", - деп оюндун жыйынтыгын көрсөттү Маматалиев.
Ал онлайн казино сайттарына бөгөт коюу керектигин айтты. Анын айтымында, бул компаниянын Бишкекте он, Ошто эки, Кара-Сууда бир кеңсеси ачылган.
Маматалиев онлайн-казино элди сыздатып жатканын айтты
