Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулуп жатат



Бишкек шаарындагы Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имаратты мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы куруп жатат. Бала бакча бир кабаттан туруп жалпы аянты - 0,44 гектарды, ал эми жайдын аянты - 1314,14 чарчы метрди түзөт.
"Имаратта оюн бөлмөсү, буфет, ашкана, таркатма бөлмө, уктоочу жайлар, тазалык түйүндөрү, кабыл алуу, медициналык кабинет, башчынын кабинети, музыкалык жана спорт зал, методист бөлмөсү, персонал жана техникалык бөлмөлөр каралган. Курулуш иштерин "Бай Мен" ЖЧКсы подряддык уюму иш жүргүзүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда ички дубалдарды куруу жана чатырды жабуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.