super.kg logo

Ханзаада Гарри папараццилердин айынан жол кырсыгына кабылып кала жаздады 

 

Ханзаада Гарри, жубайы Меган Маркл жана анын апасы Дория Рэгленд жол кырсыгына кабылып кала жаздашты. Бул тууралуу ханзааданын басма сөз кызматы маалымдаган.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 17-майда жубайлар жана Дория Рэгленд Манхеттенде өткөн аялдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча "Women of Vision awards" сыйлыгын активисттерге тапшыруу аземинен кийин болгон. Кечеде Меган Маркл феминизм жаатында жетишкендиктери үчүн 50-ирет ыйгарылуучу сыйлыкты жеңип алган.

Кечеден кийин ханзаада Гарри жубайы жана кайненеси менен такси кызматын пайдаланууну туура көрүшкөн. Жыйынтыгында алардын артынан папараццилер түшкөн.

"Сассекс герцогу менен герцогинясы жана Рэгленд айым өтө агрессивдүү папараццилердин аракетинен улам дээрлик кырсыкка кабыла жаздашты. Папараццилердин эки сааттан ашык алардын артынан түшүп, ханзааданын үй-бүлөсү отурган такси бир нече жолу башка унаалар, жөө жүргүнчүлөр жана Нью-Йорк полициясынын эки кызматкери менен кагылышып кете жаздады", - делет жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.05.2023. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын жашоосунун элге эмне кызыгы бар деймда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: