Таласта киши тоноого шектүүлөр кармалды
Таласта каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-мартта милицияга Талас шаарынын тургуну 1978-жылы туулган М.С. аттуу жаранды сабап, уюлдук телефонун жана акчасын тартып алган белгисиз адамдар тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, кылмышка шектелип Талас шаарынын 1978-жылы туулган А. Т. жана 1979-жылы туулган У.Т. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Тергөө учурунда шектүүлөр кылмыш жасаган учурда мас абалында болгондугу аныкталганы айтылат. Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.