super.kg logo

Москванын бир катар аймактарына карантин киргизилди

 

Москванын мэри Сергей Собянин куш тумоосуна (птичий грипп) байланыштуу борбордун бир катар райондоруна карантин киргизди. Мындай маалымат Москва мэринин расмий сайтына жарыяланды.

Карантин Орехово-Борисово жана Братево аймактарында жапайы канаттуулардын жугуштуу ооруларына байланыштуу киргизилген. Документтерде вирус тараган борборлор катары Борисовский көлмөсүнүн батыш бөлүгү жана Бесединское шоссесинин жанындагы 15, 17 жана 13-үйлөрдүн ортосундагы аймак аталган.

Карантин мезгилинде бир катар иш-чараларга, оорулуу канаттууларды дарылоого, оорунун очогу болгон аймакка барууга, канаттууларды, жумурткаларды жана башкаларды алып келүүгө жана алып чыгууга тыюу салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: