Валентина Шевченко Гонконгдо кыргызстандыктар менен жолугушту



UFC уюмунун атактуу кыргызстандык мушкери Валентина Шевченко Гонконгдо кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Кыргызстандын активдүү, таланттуу жаштары менен жолугушуу жагымдуу болду. Гонконгдо машыгып,жашап, окуп жүргөн мекендештер менен. Абдан шайыр, максаттуу, ар тараптуу адамдар. Мыкты кече үчүн рахмат!", - деп жазды Шевченко.
Валентина Шевченко учурда Гонконгдо эс алып, ошол эле учурда окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.