super.kg logo

Атыр Абдрахматованын ордуна келген Жамиля Жаманбаева коллективге тааныштырылды 

 

Кечээ, 18-майда Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институтунун борбордук аппаратынын жамаатына жаңы акыйкатчы катары тааныштырылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдады.

Жаңы Акыйкатчынын жамаатын вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев тааныштырган. Сыдыгалиев кызматкерлерге жана Акыйкатчыга адам укуктарын коргоо жаатында ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалаган.

"Жаңы Акыйкатчы Жогорку Кеңештин депутаттарына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, команда менен биргеликте Акыйкатчы институтунун адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган ишин күчөтүү ниетин билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.

17-майда Жогорку Кеңеш Акыйкатчы кызмат ордуна Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин жактырып, аны Акыйкатчы кылып шайлашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: