super.kg logo

"Телефон, бут кийим...". Дмитриевкадагы атышууда документтери күйгөн чет элдиктерге жардам керек болууда

 

Чүй облусунун Дмитриевка айылындагы ок атышууда документтери жана буюмдары өрттөнүп кеткен чет элдик жарандарга жардам керек. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, ок атышуудан чет элдиктердин банк карталары, уюлдук телефондору, документтеринин баары күйүп кеткен.

"Алар эч нерсеси жок калышты. Бүгүн биз бир нече күнгө жете турган тамак-аш, аялдардын кийимдерин, тиш щёткаларын алып келдик", - деди Ассоль Молдокматова.

Туристтерге учурда керек болуп жаткан буюмдар:

  1. Уюлдук телефондор
  2. Жылуу кийимдер, футболкалар, спорттук кийимдер, өлчөмдөрү 44төн 52ге чейин
  3. Эркектер үчүн кроссовкалар: 41,42, 43 өлчөмдөгү
  4. Аялдардын кроссовкалары
  5. Курткалар: XL (3 даана) жана L (8 даана)
  6. Гигиеналык каражаттар
  7. Саякат рюкзактары: 15 даана
  8. Тамак-аш.

17-май күнү эртең менен Дмитриевка айылында атышуу болуп, айыл курчоого алынган. Кийинчерээк ИИМ атайын операция болгонун, анда куралдуу каршылык көрсөткөн террорчу жок кылынгандыгын билдирген.

Жок кылынган адам жашаган үйдө 18 чет элдик жаран дагы болгон. Өз кезегинде Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы алар Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырылганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: