super.kg logo

"Кызыкчылыгын коргоого укугу бар". Эдил Байсалов Бакиевдин маеги боюнча үн катты

 

Качкын президент Курманбек Бакиевдин журналист Кадыр Кошалиевге берген маеги Жогорку Кеңеште көтөрүлгөндөн кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул боюнча билдирүү жасады.

Кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Эрулан Кокулов Курманбек Бакиевдин маегин сынга алышып, андан интервью алган журналистти Сурабалдиева иштен бошотуу керектигин айткан.

Ошондой эле алар президенттик администрациядан мурдагы мамлекет башчынын реабилитацияланышы мүмкүндүгү боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Өз кезегинде Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бул боюнча билдирүү жасады. Билдирүүсүндө ал буга президенттик администрациянын кандай тиешеси бар экенин түшүнбөй жатканын айтты.

"Урматтуу депутаттар кантип суроо койгонун такыр түшүнбөйм. Бул жерде администрациянын кандай тиешеси бар? Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар. Маселеге кызыгуу, тема суроо-талапка ээ болсо, журналист өзү каалаган адамы менен интервью алууга укуктуу. Курманбек Бакиевдин жаран катары сотто болобу, коом алдында болобу, өз кызыкчылыгын коргоо укугу бар. Бардык экс-президенттер кандай гана болбосун, биздин тарыхтын бир бөлүгү. Депутаттар бул саясатты колдоп, чыр-чатакты күчөтүүнүн жолдорун издебесе жакшы болмок", - деп жазды Байсалов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: