super.kg logo

Саякатта болгону 90 сомго байланышта болуңуз

 

Чет өлкөдө интернет – саякаттагы же иш сапарындагы эң керектүү атрибут. Бардык эле жерден акысыз вай-фай табуу мүмкүн эмес, андыктан алдын ала роуминг күйгүзүп алуу жөнүндө кам көрүү зарыл. Пайдасы тие турганы шексиз – балким адашып кетесиз, картаны караш керек, такси чакырыш керек, дагы башка муктаждыктар келип чыгышы ыктымал.

Сизге О! Мобилдик операторунан суперпайдалуу интернет-топтомдор жардамга келет. Жакындарыңыз да, иш өнөктөштөрүңүз да сиз менен ар дайым байланышта боло алышат. «Мой О!» тиркемесинен же төмөнкү буйрутмалар аркылуу кошуп алыңыз:

· болгону 45 сомго 50 МБ, кошуу буйрутмасы: *997*50#

· болгону 90 сомго 100 МБ, кошуу буйрутмасы: *997*100#

· болгону 225 сомго 250 МБ, кошуу буйрутмасы: *997*250#

Чет өлкөгө чыкканда байланышта болуш үчүн О! түйүнүнөн үнөмдүү тариф 17 өлкөдө иштейт: Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Сауд Аравиясы, Таиланд, Вьетнам, Армения, Украина, Грузия, Беларусь, Испания, Бельгия, Дания, Люксембург, Кувейт.

Роумингде 1 МБ жана ал эмнелерге жете турганын карап көрөлү

1 мегабайт мессенджерлерден элүүгө жакын билдирүү жиберүүгө же бир-эки мүнөт сүйлөшүүгө жетет. Албетте, фильмдер менен «оор» сүрөттөрдү «кийинкиге» калтырып, тиркемелердин мобилдик маалыматтар аркылуу автоматтык түрдө жаңылануусун өчүрүп койгонуңуз жакшы. Антпесе, смартфонуңуз өз алдынча интернетке кирип, аларды жаңылап турат.

Кантип кошсо болот?

Роуминг үчүн пайдалуу тарифти компаниянын кеңселерине барбай туруп, акысыз кошуп алууга болот. Сервистин абоненттик төлөмү жок. Болгону Кыргызстандан чыгып жатып, *997# буйрутмасын териңиз, же болбосо керектүү топтомду «Мой О!» тиркемесинен активдештириңиз.

Чет өлкөдө жардам

Бул шилтеме боюнча балансыңызда каражат такыр калбай калган учурда, жакындарыңызга кантип кабар бере ала тургандыгыңыз жөнүндө маалымат алсаңыз болот. 996 705 700 700 WhatsApp номери аркылуу О! онлайн-колдоосу 24/7 жеткиликтүү. Топтомдордун баасы КНС жана СС эсепке алуу менен көрсөтүлгөн. Кошумча маалымат менен o.kg сайтындагы «Интернет-роуминг» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: