super.kg logo

Бишкекте лифтте камалып калган карыя каза болду

 

Бишкекте лифтте камалып калган карыя каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Бишкек лифт" ишканасы билдирди.

Ишкананын маалыматына караганда, лифт электр энергиясы өчүп калгандыктан токтоп калган.

"Электр жарыгынын авариялык өчүрүлүшүнө байланыштуу лифт токтоп калган. Лифт оңдоочу кызматкер 10 мүнөттө келип, жүргүнчүнү эвакуациялап, "Тез жардам" кызматын, кошуна жана туугандарын чакырган. Туугандары келген учурда карыя түрүү болчу. "Тез жардам" кызматы бир саатта келип, анын каза болуп калганын аныкташкан. Маркумдун туугандары анын улгайган жана көптөн бери жүрөк оорусунан жабыркап келгенин айтышып, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Алардын лифттин иштешине эч кандай дооматы жок", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, маркумдун туугандарынын жазуу түрүндөгү баш тартуусу Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: