"Манас" аэропортунан 2 миллион 200 миң сомдук Rolex сааттары табылды




"Манас" аэропортунан бажы кызматкерлери 2 миллион 200 миң сомдон ашык контрабандалык кол сааттарды алып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Бажы кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кымбат баалуу сааттар Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген. Аэропорттогу аба жүктөрүн бажылык контролдоо жана текшерип кароонун алкагында декларацияланбаган товарлар аныкталган.
Анда Rolex соода маркасынын 5 бирдик жана PATEK PHILIPPE GENEVE соода маркасынын 1 бирдик оригиналдуу кол сааттары табылган.
Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товарлардын орточо базардык жалпы баасы 2 миллион 292 миң сомду, ал эми тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 460 миң 462 сомду түздү.
Материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.