super.kg logo

"Ош базарда" мыйзамсыз дары саткандар аныкталды. Алардын бири милиция кызматкеринин колун тиштеп алды

 

"Ош базарында" жана "Берекет Универсал" соода комплексинин аймагында мыйзамсыз дары-дармектерди жана тыюу салынган дары каражаттарын сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, дары-дармектерди сатуучулар милиция кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, соода түйүндөрүн жабууга аракет кылышкан. Коркутуп-үркүтүп, бир нече жолу уруп, ал эми сатуучулардын бири милиция кызматкеринин колун тиштеп алган.

Дары-дармектерди сатуучулардын арасындагы каршылык көрсөткөндүгүнүн себеби - жашы жете электерге жана баңгиликтен жапа чеккендерге күчтүү жана психотроптук дарыларды сатуунун издерин жашыруу болуп аныкталды.

Каршылык көрсөтүү учурунда ИИМдин кызматкери жабыркап, Бишкек шаарынын медициналык тез жардам клиникалык ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул факт Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлерине жана милиция кызматкерлерине кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда кол салуу Ленин райондук ИИБнын Маалыматталды каттоо журналына юридикалык баа берүү үчүн катталды.

"Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө ээсиз коробкалар жана дары-дармектер жана медициналык буюмдар салынган баштыктар аныкталды, анда ИИМ кызматкерлери жана Департамент тарабынан “ээсиз дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды алуу жөнүндө” акт түзүлүп алынды.

Рейддин жүрүшүндө кара желим баштыкты контейнердин артына жашырууга аракет кылган К.Ж. аттуу жаран аныкталган, кароо учурунда бул пакетте тыюу салынган заттар табылып, анда баңгизаттык опиоиддик анальгетиктер жана башка күчтүү таасир берүүчү каражаттар аныкталган", - деп билдиришти министрликтен.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 1-беренесинин 284-пунктуна ылайык, тыюу салынган дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды өз алдынча саткан жарандарга кызматкерлер протокол түзүлүп, экөөнө айып пул салынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.05.2023. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош базарда мыйзамсыз дары саткандар аныкталбай эле, ачык эле сатып отурушат . Буларды милициялар крышавайтетишет .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: