super.kg logo

Сузакта чөгөлөп кечирим сураган окуучу кыздын окуясы: Министрлик түшүндүрмө берди

 

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыздын чөгөлөп кечирим сураган видеосу боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 31-январында 7-класстын окуучулары арасында болгон.

"№16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде болгону окуя боюнча бүгүн, 19-майда министрликтин тапшырмасы менен Жалал-Абад облусттук билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ч.Койчуманова мектепке барып, окуянын жүрүшү боюнча териштирүү иштерин жүргүздү.

Мектептин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу А.Хаджимиддинов, тарбиялык иштер боюнча орун басары Ш.Якубов, соцпедагог А.Жолборсова жана класс жетекчилер менен сүйлөшүлүп, окуянын жүрүшүндөгү кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө окуянын жыйынтыгы боюнча мектептин тиешелүүлүү администрация мүчөлөрүнө, соцпедагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза колдонуу милдеттендирилгендиги кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда окуучу кыздын чөгөлөп ыйлап классташ кызынан кечирим сурап жаткан видеосу тараган. Окуя кечирим сурап жаткан кыз классташ кызынын жакасын ручка менен чийип койгондон улам келип чыккан. Мындан улам кыздын энеси менен мугалимдер окуучу кызды кечирим суроого мажбур кылган.






Сузакта чөгөлөп кечирим сураган окуучу кыздын окуясы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: