super.kg logo

"Керемет Банк" ААК жыл сайын өтүүчү "Green Waste Leaders" 2023 иш-чарасына катышты

 

Бүгүн «Керемет Банк» ААК жыл сайын «ESG Central Asia» агенттиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналып өткөрүлүп келе жаткан «Green Waste Leaders» 2023 иш-чарасына катышты. 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн 50 жылдыгы белгиленет жана анда айлана-чөйрөнүн желим заттар менен булгануусуна байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасалат.

Белгилей кетсек, акыркы он жылдыкта бул күн экологиялык идеяларды алдыга жылдыруудагы эң ири дүйнөлүк платформалардын бирине айланган.

Аталган иш-чаранын негизги максаты – бул логистика жана кайра иштетүү индурстриясынын репутациясын чыңдоо, ошондой эле ар кыл тармакта иш алып барып жатышкан уюмдарга калдыктарды башкаруу системасын жайылтуу болуп саналат.

Ошентип, бүгүн "Керемет Банк" ААК WasteNet.kg ыктыярдуу экологиялык сертификациясынын прототиби - WasteNet.kgден "Калдыктарды башкаруунун мыкты тажрыйбасы" шайкештик сертификаты менен сыйланды.

Бул – Компаниянын калдыктарды башкаруунун өз ички системасына дал келээрин, “Кыргыз Республикасындагы калдыктарды топтоо жана кайра иштетүү системасын натыйжалуулугун жогорулатуу” Долбоорунда белгиленген критерийлерге жооп бере тургандыгын, ошондой эле уюмдун экологиялык жоопкерчилигин коомчулукка ачык демонстрациялоо боюнча «Best Recycle Practice» белгисин колдонууга укуктуу экендигин билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: