super.kg logo

Бишкекте бомба тууралуу жалган маалымат берген адам 6 айга кесилди

 

Бишкекте телефон аркылуу "бомба коюлду" деп жалган маалымат берген адам 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-февралында саат 06:21де Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат келип түшкөн, бирок тастыкталган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси "Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү" боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 1982-жылы туулган Н.А.А. аттуу жараны аныкталып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.

Ал 18-майда Биринчи Май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, алты айга эркиндигинен ажыратылган.

"УКМК мындай аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын белгилейт, анткени Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, боло турган жарылуу тууралуу атайылап жалган маалыматты айтып, өрттөө же өлүм же оор жаракат алуу коркунучун туудурган башка аракеттер, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500 сомдон 1000 сомго чейинки айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.05.2023. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес чечим болуптур. Бул адам оздугун тааныштырып маалымат берген. Силер отконку жалган маалымат бергендерди табалбастан эмне кылышты билбестен ушундай кадамга бардынар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: