Владимир Путин "Вагнерчилерди" Бахмутту алышы менен куттуктады
Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнер" согушкерлер тобун жана орус аскерлерин Бахмутту алышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
"Владимир Путин «Вагнер» десанттык отряддарын, ошондой эле аларга керектүү колдоо жана флангтарын жабуу менен камсыз кылган Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн бардык аскер кызматкерлерин Артемовскти бошотуу операциясынын аякташы менен куттуктайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Кремль ошондой эле өзгөчөлөнгөндөрдүн бардыгына мамлекеттик сыйлыктар ыйгарыларын билдирди.
Буга чейин "Вагнер" куралдуу тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин анын согушкерлери катуу салгылаш жүргөн Бахмут шаарына көзөмөлдү толук орноткондугун билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
make2

21.05.2023. 20:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган маалымат Бахмутту Украиндер курчап жатат бул маалыматтык согуш болуп жатат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.