"Жүрөгүбүздө гана калды". Зеленський Украина Бахмутту жоготконун моюнуна алды
Украинанын президенти Владимир Зеленський бүгүн, 21-майда G7 саммитинде АКШ лидери Жо Байден менен жолугушуунун алдында өлкөнүн аскерлери Бахмутту жоготконун моюнуна алды.
"Украинанын Куралдуу күчтөрү Бахмутту көзөмөлдөйбү?" деген суроого украин лидери "Менимче, жок. Бахмут бүгүн биздин жүрөгүбүздө гана калды" деп жооп берген.
Буга чейин "Вагнер" куралдуу тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин анын согушкерлери катуу салгылаш жүргөн Бахмут шаарына көзөмөлдү толук орноткондугун билдирген. Өз кезегинде Украинанын Куралдуу күчтөрү бул маалыматты четке каккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.