super.kg logo

Сальвадордогу футбол беттешинде 12 адам каза болду

 

Сальвадордун борбору Сань-Сальвадордогу футбол стадионундагы башаламандыктан 12 адам каза болуп, 500 адам жаракат алды. Бул тууралуу La Prensa Grafica газетасы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, башаламандык Cuscatlán стадионунда жергиликтүү "Alianza" жана "Санта-Ананы" футболдук клубдарынын беттеши учурунда орун алып, беттеш токтотулган.

Башаламандык стадиондун эшиги жабылгандан кийин дагы футбол күйөрмандары стадионго кирүүгө аракет кылгандан кийин келип чыккан.

Президент Найиб Букеленин айтымында, буга чейин өлкөдө мындай учур катталган эмес жана окуя боюнча иликтөө иштери башталган.

"Командаларга, менеджерлерге, стадионго, кассага жана федерацияларга карата тергөо иштери жүргүзүлөт. Ким күнөөлүү болсо ал жазасыз калбайт", - дейт ал.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, бизде 12 адам каза болгон. Тогузу стадиондо, үчөөсү ар кайсыл ооруканада", - дейт полиция башчысы Маурисио Арриаса.

Белгилей кетсек, башаламандыктан соң 500гө жакын адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, көпчүлүгү ооруканага жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: