super.kg logo
  Спорт  

"Реал Мадриддин" жылдызын күйөрмандар "маймыл" деп атап, футболчу ыйлады (видео)

 

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун жылдызы Винисиус Жуниор "Валенсия" клубуна каршы оюнда оюндан четтетилди.

Бразилиялык футболчу оюндун жүрүшүндө "Валенсиянын" күйөрмандары менен жаңжалдашып, андан кийин атаандаштары менен жакалашкан.

Окуя оюндун 73-мүнөтүндө болгон. Анда Винисиус Жуниор расалык таризде кемсинтип кыйкырып, аны "маймыл" деп атаган күйөрмандар менен жаңжалдашкан. Ал трибунадан ар кандай расалык негизде кемсинткен сөздөрдү уккандан кийин чыдабай ыйлап жиберген.

Кошумча убакытта дагы бир эпизод болду. Анда "Валенсиянын" дарбазачысы Гиорги Мамардашвили "Реалдын" чабуулчусу менен жаңжалдашкан. Грузин дарбазачысы сары айып кагазын алып, мадриддик клубдун жылдызы оюндан четтетилди.

Өз кезегинде Бразилиянын президенти Луис Инасио мекендеши Винисиус Жуниорду колдоду.

"Бул жашоодо жеңүүчү болуп калган байкуш бала жөнүндө сөз болуп жатат. Ал "Реал Мадридде" ойнойт жана дүйнөнүн эң мыкты оюнчуларынын бири. Биз расизмдин футбол стадиондорун басып алышына жол бербейбиз", - деген Инасио.






"Реал Мадриддин" жылдызын күйөрмандар "маймыл" деп атап, футболчу ыйлады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: