23-майга карата аба ырайы

Эртең, 23-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +19…+21 градус болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.