super.kg logo

Кыргыз-өзбек чек арасында чек арачылар пара алууга шектелип кармалды

 

16-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" бекеттеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, 4 аскер кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган чек ара бекеттеринде тинтүү иштеринин жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын натыйжасында айрым аскер кызматкерлери кармалып, акча каражаты табылган. Табылган акча каражаттарга алдын ала "пара" белгиси коюлган, бул Чек ара кызматынын айрым аскер кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылынгандыгын тастыктаган.

"Кыргыз-өзбек мамлекетинин тилкесинен тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн жарандардан системалуу түрдө 50 сомдон 1000 сомго чейин мыйзамсыз акча талап кылышкан. Акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй коюшуп, ал жарандарды чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбур кылышкан", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта УКМКнын Чек ара кызматынан 4 аскер кызматкери кармалып, Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: