super.kg logo

Мектептерге өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү үчүн атайын жабдуулар тапшырылды (сүрөт)

 

Өлкө аймагындагы 600 мектепке өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү үчүн 15 миң техникалык жана медициналык жабдуу, 100 мектепке 863 компьютер тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, япон өкмөтүнүн көмөгү жана Улуттук Кызыл Жарым Ай коому менен кызматташтыкта ЮНИСЕФ мектептерге техника сатып алууга 1 миллион 300 миң доллар бөлгөн.

Мектепке берилген жабдууларга өзгөчө кырдаалдар маалында биринчи кезекте зарыл болгон мегафондор, кол сиреналары, өрт калканчтары, эвакуациялоо үчүн замбилдер, алгачкы жардам көрсөтүү үчүн баштыкчалар, кырсык тобокелдиги тууралуу маалымат такталары жана авариялык эшик туткалары кирет. Аталган жабдуулар “Кыргыз Республикасында балдардын климаттык жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында сатып алынган.

"Өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыз кылган жабдуулардан тышкары жапон өкмөтү каржылаган башка бир долбоор аркылуу Бишкектеги жана Оштогу жаңы конуштардагы, ошондой эле элет жерлериндеги айрым мектептерге компьютерлер жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: