super.kg logo

Кремль Пашиняндын Армения ЖККУдан чыгышы мүмкүн деген сөзүнө реакция жасады

 

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын өлкө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгышы мүмкүн деген билдирүүсүнө комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"ЖККУ уюмга мүчө мамлекеттердин арасында өзүнүн беделине ээ уюм. Буга чейин ар кандай кырдаалдарда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн жана олуттуу потенциалы бар уюм. Ал эми Армениянын премьер-министринин билдирүүсүнө келсек, албетте, биз армян досторубуз менен диалогубузду улантабыз. Алар менен ЖККУнун ишмердүүлүгүнө мындан аркы биргелешип катышуу темасында сүйлөшөбүз", - деген Песков.

Буга чейин Никол Пашинян Армения ЖККУга мүчөлүгүн токтотушу мүмкүн экенин билдирген.

Пашинян муну менен ЖККУдан чыгуу мүмкүндүгү тууралуу экинчи жолу айтып жатат. 2022-жылдын сентябрында Пашинян Армения ЖККУдан чыгат деп кооптонуп жатканын билдирген. Ал буга себеп катары уюм Азербайжан менен кырдаал курчуп жаткан маалда Ереванга аскерий жардам көрсөтүүдөн баш тартып койгондугун билдирген.

ЖККУ аймактык эл аралык уюм. Ал алты мамлекетти бириктирет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: