Бишкекте айрым маршруттук таксилердин каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү
Бишкек шаарында айрым маршруттук таксилердин каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнүн, «Эл чечет» коомдук бирикмесинин, ошондой эле Ленин айылынын тургундарынын №285 кичи автобустук каттамды калыбына келтирүү боюнча кайрылуусу каралды.
"Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 18 кичи автобустун пландуу чыгуусу менен бул каттамды калыбына келтирүү чечими кабыл алынып, андан кийин жол кыймылынын схемасы Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы менен макулдашылат. Тариф маселесин чечүүгө айыл өкмөтү жардам бериши керек. Маршрут бардык бекитүүлөрдөн өтүп, кыймыл схемасы бекитилгенден кийин иштей баштайт.
Ошондой эле «Дордой-БИС» ЖЧКсынын №234 маршруттук линиясын «Алтын Ордо» темир жол станциясына чейин жарым-жартылай өзгөртүү маселеси каралды. Комиссиянын жыйынтыгы менен №9 көчөсүнүн кесилишиндеги №7, №14 көчөлөрдүн боюнда жол кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды", - деп билдиришти мэриядан.
Комиссия ошондой эле «Ника-Плюс» ЖЧКсынын «Алтын Ордо» темир жол станциясына чейинки №222 маршруттук линиясын жарым-жартылай өзгөртүү боюнча суроолорду карады.
Жыйынтыгында №4, №14, №7 көчөлөрү боюнча кыймыл схемасын жарым-жартылай өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
"Ника-Плюс" ЖЧКнын Коенкозов көчөсү, Москва көчөсү, Токтогул көчөсү боюнча Кардиология борборун камтыган Улуттук госпиталь, 195-маршруттук линиясын жарым-жартылай өзгөртүү жөнүндө маселе Миррахимовдун, "Юрфа" клиникасынын, андан ары кыймылдын мурдагы схемасы боюнча. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча №195 маршруттук линиясынын кыймыл схемасын жарым-жартылай өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынды.



