59 жаштагы миллиардер Жефф Безос үйлөндү




Америкалык миллиардер, "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос менен журналист Лорен Санчес үйлөнүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, түгөйлөрдүн баш кошкондугу тууралуу маалымат алар Франциядан эс алуудан келгенден кийин билинген. Азырынча алардын үлпөт тою качан болору белгисиз. Биринчи жолу 59 жаштагы Безос 53 жаштагы Санчес менен мамиледе экенин 2019-жылы январда ачыктаган.
Белгилей кетсек, миллиардер 2019-жылы жубайы Маккензи Скотт менен 25 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кеткен. Алардын ортолорунда төрт баласы бар. Ал эми Лорен дагы Безос үчүн 13 жыл жашаган жолдошу Патрик Уайтселл менен эки жолго түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jigitaliev95

23.05.2023. 12:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктагы америкалыктын уйлонуп ажырашканы кайра уйлонгону элге эмне кызыгы бар же Кыргызстанга таанымал адамбы ошол кыргыз эли учун жанылыкпы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.