super.kg logo

Бакиевдин интервьюсу: Кадыр Кошалиев УТРКдан өз арызынын негизинде кетти

 

Улуттук телерадиокорпорациясынын 1-каналынын кабарчысы Кадыр Кошалиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Мындай маалымат УТРКнын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

"УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү менен корутунду чыгара электе, Улуттук телерадио корпорациясынын кабарчысы Кадыр Кошалиев корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Эскерте кетсек, аталган маекти кабарчы корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келген. Аны тартууга техникалык каражаттарды жана башка чыгымдарды жабууга каражатты Корпорация бөлүп берген эмес. Ошондой эле бул берүүнү эфирге берүү планда каралган эмес.

Ар бир эфирдик материал алдын ала макулдашылып, жетекчиликтин кароосунан өткөндөн кийин гана программага киргизиле тургандыгы жалпы коомчулукка маалым. УТРК жеке тараптардын жана топтордун кызыкчылыктарын коргоого албайт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, журналист Кадыр Кошалиевдин качкын президент Курманбек Бакиев менен болгон маеги коомчулукта кызуу талкуу жаратып, түрдүү пикирлердин жаралышына себеп болгон.

Көпчүлүгү анын кызматтан кетишин талап кылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: