super.kg logo

Бишкекте жаңы курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугу текшериле баштады

 

Курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, министрлер кабинетинин тескемесин аткаруу максатында курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан төмөнкү курулуш объектилерине биринчи көчмө текшерүү жүргүздү:

- Орто-Сай айылы, контур 5 дарегиндеги "Авангард сити" көп кабаттуу турак жай комплекси жана ага караштуу мектепке чейинки балдар мекемеси, "Авангард Стиль" ЖЧКсы;

- Токомбаев көчөсү, 15/2 дарегиндеги "Елисей талаалары" жер астындагы автопаркинги менен турак жай комплекси, "Авангард Стиль" ЖЧКсы;

- Токомбаев көчөсү, №15 дарегиндеги өз аймагында жер астындагы автопаркинги менен 14-кабаттуу турак жай комплекси, "Кыргыз Каганат" ЖЧКсы.

"Комиссия шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин камсыздалганын, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго ылайыктуулугун, ошондой эле курулуш объекттеринде бетондун бекемдигин жана арматуранын долбоордук чечимдерге ылайыктуулугун текшерди", - деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жумуш аяктагандан кийин үч айлык мөөнөттө берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: