super.kg logo

Чычкан капчыгайында 23 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Кылмышка эжеси шектелүүдө

 

Чычкан капчыгайындагы кафелердин биринде 23 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 3-май күнү саат 09:00 чамаларында Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын ичиндеги кафелердин биринин тапчанында денесинде жарааттары бар Токтогул районунун 2000-жылы туулган тургунунун жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, жетекчилиги чыгып кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар топтолгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Токтогул районунун тургуну 2003-жылы туулган Ж.Б. жана Токтогул районунун тургуну 1991-жылы туулган М.Ж. (аял киши) аттуу тургуну кармалып, убактулуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

SUPER.KG порталына өздүк булактардан билдиришкендей, кылмышка шектелип кармалган М.Ж. аттуу жаран маркумдун бир тууган эжеси болгон. Чыр эмне себептен келип чыкканы азырынча белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: