Бишкектеги бир нече университеттерге айып пул салынды. Себеби?






Бишкектеги юридикалык жана жеке жактар тазалыкты сактабай, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 325 миң сом айып салынды.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция 15-майдан 20-майга чейинки аралыкта 422 чарба жүргүзүүчү субъектини текшерген. Жыйынтыгында тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн бир катар жогорку окуу жайларга, ишканаларга 325 миң сом айып салынган.
Көрктөндүрүү эрежелерин бузган юридикалык жактардын тизмеси:
1. И.Арабаев атындагы КМТУ;
2. Раззаков атындагы КМТУ;
3. Т.Сыдыков атындагы Улуттук искусство академиясы;
4. «Газпронефть-Азия Операционная компания» ЖЧК;
5. «Учкун» ЖАК;
6. «ККМ Он-лайн» ЖЧК;
7. «LAZA»ЖЧК;
8. «LAZA» ЖЧК;
9. «Хангук 55» ЖЧК;
10. «Город мастеров» ЖЧК;
11. «Автоохраны и Правопорядка»КФ;
12. «Азия Ритейл»ЖАК;
13. «Азия Ритейл»ЖАК;
14. «Аква Вита.КГ»ЖЧК;
15. «АТА Stroy»ЖЧК;
16. «Имарат Прогресс»ЖЧК;
17. "КР ИИМ Маалыматтык технологиялар Башкы Башкармалыгы" мекемеси;
18. «Хюндай Элевэйторс»ЖЧК;
19. «АТА STROY»ЖЧК;
20. «НЭСК-БПЭС»ЖАК;
21. «Халык Банк»ЖАК.

