super.kg logo

Ош шаарын көрктөндүрүү багытында беш чоң долбоор башталды (эскиздер)

 

Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында беш чоң долбоор башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Курулуш иштери Нурматов көчөсүнөн баштап Алишер Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүрөт. Аталган долбоорлор бир жылдын ичинде ишке ашырылары белгиленди.

Жасала турган иштер:

- Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап);

- Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;

- Алишер Навои паркынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу жайын куруу;

- Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;

- Борбордук аянттагы фонтан.

Аталган курулуштар Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аркылуу тендерге берилген.

Ал эми каражат Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк банк тарабынан берилген алты миллион доллар гранттын алкагында бөлүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: