super.kg logo

Биринчи айым Таластагы көп балалуу төрт үй-бүлөдөн кабар алды

 

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 21-23-май күндөрү Талас облусунун Айтматов районунда жашаган көп балалуу төрт үй-бүлөгө барды. Алардын биринде майыптыгы бар бала тарбияланат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, көп балалуу ата-энелер менен болгон баарлашууда Айгүл Жапарова алардын социалдык абалы, муктаждыктары менен таанышты, ошондой эле көп балалуу энелер жана майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөр кабылган кыйынчылыктар туурасында кабар алды.

Биринчи айым оор турмуш-шарттарына карабастан бул үй-бүлөлөрдөгү балдар сүйүүгө жана камкордукка бөлөнүп, тарбияланып жатканын кубануу менен белгиледи. Айгүл Жапарова балдарга жана алардын ата-энелерине чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Ар бир үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан бирден саан уй тапшырылганы айтылды.

Мындан башка Айгүл Жапарова Талас облусуна барганда Айтматов районунун жети айылында өзүнүн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жакында ачылган аялдар үчүн йога студияларында болду. Йога студияларынын ачылышы үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен аялдардын ден соолугун чыңдап, толук кандуу алектениши үчүн бардык керектүү нерселер сатылып алынган.

Ошондой эле биринчи айым Айгүл Жапарова Талас облусунун Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: