super.kg logo

"Өлбөйм". Александр Лукашенко өзүнүн оорусу тууралуу үн катты

 

Беларустун президенти Александр Лукашенко ден соолугу тууралуу биринчи жолу үн катты. Бул тууралуу Беларустун "БелТА" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Лукашенко бийлик өкүлдөрүнө анын өлүмүн күтпөөнү эскертти.

"Мен эч кимди, эч кимди аябайм. Эгер кимдир-бирөө мени өлөт деп ойлосо, анда тынчтангыла. Мен өлбөйм, силер дагы мени менен көпкө болуп, кыйналасыңар”, - деген Беларусь президенти кол алдындагыларга.

Эске салсак, акыркы убактарда Лукашенконун эл алдына мурдагыдай көп чыкпай калышы көпчүлүктү тынчсыздандырган. Ал 9-майда эл алдына колу таңылган абалда чыккан. Анда ал эртең менен Москвадагы Кызыл аянттагы парадда болуп, шашылыш түрдө Минскиге учуп кеткен. Беларустун маалымат каражаттары Лукашенконун келбетинин соо эместигине жана Александр бакчасында жөө баса албаганына көңүл бурду. Ошондой эле башка президенттер жөө барган гүл коюу аземине Лукашенко электромобиль менен барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: