super.kg logo

Оштогу стадион капиталдык ремонттон өтүүдө. 12 миң 500 отургуч алмаштырылат

 

Кечээ, 23-майда калаа башчы Бактыбек Жетигенов А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо башталган капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, стадиондо долбоор боюнча, 12 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Ошондой эле футбол оюнчулары үчүн кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдолот.

"Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов стадион оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин үлгүлүү спорттук жайга айланышы керектигин баса белгилеп, жумуштарды белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү кызматтарга милдеттенмелерди койду", - деп билдирди мэриядан.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери ушул жылдын 31-августуна чейин бүткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: