Казакстан кыргызстандыктарга жогорку окуу жайлары үчүн 50 стипендиялык орун берет

Казакстан билим алууну каалаган Кыргыз жарандары үчүн конкурстук тандоо жарыялады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстан Кыргыз абитуриенттерине бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлөт.
"Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер онлайн системадагы “2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, керектүү документтерди 2023-жылдын 22-июну саат 23:59га чейин жүктөшү керек. Каттоо жана документтерди тапшыруу шарттары тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн “Жарыялар” бөлүмүн караңыз", - деп билдирди министрликтен.
Эскертүү: Документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат. Ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдар стипендиялык программанын катышуучулары өз алдынча каржылайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.