super.kg logo

Чүйдөгү мектепте көлчүктүн сууларын стакан менен тазалап жаткан окуучулардын видеосу тарады (видео)

 

Интернетте мектептин айланасындагы көлчүктөгү сууну стакан менен тазалап жаткан окуучулардын видеосу тарады. Андагы маалыматтарга караганда, окуя Чүй облусунун Ивановка айылындагы №1 мектепте орун алган.

Социалдык тармактарга тараган маалыматта окуучулардын биринин апасы төмөнкүлөрдү билдирген: "саат 09:38де билим берүү мекемесине келип, балдардын мектеп формасында көлчүктөрдөн сууну чакага куюп жаткан учурун видеого өзүм тартып алгам. Балдардын айтымында, алар саат 08:00дөн баштап көлчүктөрдөгү сууну чакага куюп, тазалап жатышкан. Ал жерде директор жок болчу. Мектептин директорунун орун басарына барсам, ал да билбейт экен. Социалдык кызматкер менен сүйлөшкөндөн кийин балдардын көлчүктөрдү тазалоосун ал айтканы белгилүү болду", - деп жазган ал.

Билим берүү министрлигинен бул маалымат такталып жатканын билдиришти.






Чүйдөгү мектепте көлчүктүн сууларын стакан менен тазалап жаткан окуучулардын видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: