super.kg logo

Тезирээк, жакшыраак, ишенимдүүрөөк: Beeline тармактын сапатын жогорулатат

 

Адамдар уламдан-улам мобилдик Интернетти көбүрөөк колдонуп келе жатышат: заманбап онлайн-жашоого мессенджерлерден жана социалдык тармактардан тышкары, мобилдик оюндар, музыка жана видео кирди. Мындай контент, адатта, тармактын сапатына абдан чоӊ талаптарды коет. Абоненттердин өсүп жаткан керектөөлөрүнө ылайык жакшы интернет байланышын жана сапаттуу байланышты камсыз кылуу үчүн Beeline Кыргызстан уюлдук оператору өзүнүн тармактык инфраструктурасын модернизациялоону улантууда.

Өлкөнүн түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү базалык станцияларында компания маалыматтарды жогорку ылдамдыкта өткөрүү үчүн колдонулган жыштык тилкесин көбөйттү. Оңдоо иштеринин бул түрү көбүнчө жолду кеңейтүү менен салыштырылат, мында кошумча тилкенин эсебинен транспорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатса болот. Тармактын сыйымдуулугунун жогорулашына байланыштуу Beeline кызматтарынын сапаты жакшырды: азыр мобилдик байланыш дагы ишенимдүү болуп, интернет ылдамдады.

Бишкекте дээрлик бардык 4G базалык станцияларында техникалык иштер жүргүзүлдү. Чүй облусун тейлеген станциялардын көбүн модернизациялоо аяктады. Түштүк аймактарда азыркы инфраструктураны жакшыртуу менен катар жаңы байланыш объектилерин куруу активдүү жүргүзүлүүдө. 2023-жылдын башынан бери Beeline Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында ондогон жаңы базалык станцияларды ишке киргизди.

- Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда 25 жылдан ашык иштөө ичинде, Beeline өзүн инновацияларга жана мыктылыкка умтулган ишенимдүү, туруктуу оператор катары көрсөттү, - деди компаниянын башкы директору Андрей Пятахин. — Биз алдыңкы технологияларды киргизип, жаңы чечимдерди иштеп чыгабыз жана өнүмдөрүбүз жана кызматтарыбыз мезгилдин талабына жооп бериши үчүн тармактын сапатын жогорулатуунун үстүндө тынымсыз иштеп жатабыз. Жакынкы келечекте биз өлкөнүн бардык аймактарында коммуникация инфраструктурасын оптималдаштырууну жана кеңейтүүнү улантууну пландап жатабыз.

Beeline — 25 жыл бою жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: