super.kg logo

Садыр Жапаров Москвага учуп кетти. Президентти коштоп кеткендердин тизмеси

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Сапардын алкагында бүгүн мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртең, 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Адылбек Касымалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;

Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Самат Гульнара-Клара - Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;

Аяз Баетов - юстиция министри;

Асеин Исаев - тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Самат Кулмамбетов - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы;

Назарбек Малаев - экономика жана коммерция министринин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: