Депутат: "Биздин балдарыбыз каникулда Ташкентке, Алматыга барып эс алалы деп калды"
Кыргызстанда каникул убагында окуучулар барып эс ала турган жерлердин баары менчикке өтүп, сатылып кеткен. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Ысык-Көлдө балдарыбыз каникулга чыкканда эс ала турган жерлердин бардыгы сатылып кетиптир. Сатылган акчалар мамлекетке дагы түшпөптүр, ал боюнча дагы маалымат беришти. Биздин балдарыбыз каникулга чыкканда Ташкентке, Алматыга, Астанага барып эс алып келели деп калды. Эмне үчүн Ысык-Көлгө, Сары-Челекке, Арсланбапка баралы дебейт? Ушундай балдар эс алчу жайларды биздин Профсоюз сатып жок кылды. Туура, жеке менчикке берсин. Бирок мындай иштете турган адамдарга бербейби. Атканага окшоп калыптыр, биз барып келдик", - деди Осмонов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jigitaliev95

24.05.2023. 15:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым элдин балдары жайкы каникулда талаага чыгып иштейт депутаттын балдары каякта эс алышын билбесе
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.