Чүйдө көлчүктү стакан менен тазалаган окуучулардын окуясы: Министрлик билдирүү жасады
Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда мектептин айланасындагы көлчүктөгү сууну стакан менен тазалап жаткан окуучулардын видеосу боюнча түшүндүрмө берди.
Маалым болгондой, видеодогу окуя Ысык-Ата районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы Ивановка №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясында болгон.
"Ивановка айылында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясында катуу жамгыр жааган сайын суу чыгып кетүүчү арыкчалардын жоктугуна байланыштуу мектеп короосунда топтолуп калат. Мектептин алды 1982-жылы бетон блоктор менен төшөлүп, суу чыгып кетүүчү арыкчалар жасалган эмес. Учурда бул жер оңдоп-түзөөгө муктаж. Эки жыл мурун айыл өкмөтүнө мектептин алдына таманташ (брусчатка) төшөө боюнча долбоор жазылып, бирок долбоор өткөн эмес.
22-майда катуу жааган жамгырдан кийин мектептин алдында суу топтолуп, балдар мектепке кире албай сууну кечип өтүүгө аргасыз болушкан. Мектепте бир короо шыпыруучу, чарба иштери боюнча директордун орун басары жана бир кенже тейлөөчү кызматкер иштейт. Алар короодогу сууну ташып баштаган. Бирок алар жетишпей жатканда, мектептин тарбия иштери боюнча орун басары А.Жусупова жана Н.Майбилекова 10-класстын окуучуларынан жардам сураганда балдар макул болушкан. Окуучулар бул көрүнүштү байкап, жардам берүүнү сунуштаган. Анткени бул балдардын көпчүлүгү мектеп парламентинин мүчөлөрү, алар дайыма мектептин иштерине жардам берип келишкен", - деп жазылат маалыматта.

