super.kg logo

Акыркы коңгуроо салтанаты: Жол коопсуздугунун кызматкерлери ата-энелерге кайрылды

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы ата-энелерден 25-май күнү балдарга унааларды бербөөнү өтүндү.

Билдирүүдө акыркы беш жылда 25-май акыркы коңгуроо күнүндө 29 жол кырсыктары катталган фактылар аныкталган.

Талдоо көрсөтүп тургандай:
2018-жылдын 25-май күнүндө 14 жол унаа кырсыгы ;
2019-жылдын 25-май күнү 5 жол унаа кырсыгы;
2020-жылы 25-май күнү 26 жол унаа кырсыгы;
2021-жылы 25-май күнү 26 жол унаа кырсыгы ;
2022-жылы 25-май күнү 17 жол унаа кырсыгы катталып, жол кырсыгынын кесепетинен өспүрүмдөр да жаракаттарды алышкан. Анын ичинен оор жана өтө оор кесепеттер менен коштолуп, адам өлүмү менен коштолгон фактылар да катталган.

"Жогоруда келтирилген жол унаа кырсыктары эртең, 25-май күнү да кайталынып калбашы үчүн жалпы айдоочулардан жана ата-энелерден бүтүрүүчүлөрдү кароосуз калтырбоого, уруксатсыз жана айдоого укугу жок балдарга унаа каражаттарын бербөөгө, өспүрүмдөрдү авто бейбаштык жасоого жол бербөөгө чакырабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылары жана айдоого укугу жок айдоочу унаа башкарган учурда унаасын убактылуу айып аянтчасына токтотуп коюу менен 15 миң сом айып салынарын, андан сырткары атайын унаа кортеждерин жалдап, авто ээнбаштык кылгандарга да 15 миң сом өлчөмүндө айып салынат.


Бул күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кошумча күзөттөрдү кою менен күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: