Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолукту








Бүгүн, 24-майда Кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провакациялык маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлдү.
Ошону менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.
Аны менен катар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагы сүйлөшүлдү.
Жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.




1 |