Дары-дармек департаментинин жетекчиси кармалды (фото)









Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Маалымдалгандай, департаменттин директору А.А. башка жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, дары-дармектерди тез каттап, сертификат берүү үчүн фармацевтикалык компаниялардан акча алып турган.
Департаменттин директору камакка алынып, учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.
"Жооптуу адамдардын мындай аракеттери сапаты сертификациялык талаптарга жооп бербеген медициналык буюмдарды каттоо коркунучун жаратат жана өлкөнүн калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет", - деп билгиленет билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.