super.kg logo

Бишкектеги белгилүү "Батуми" кафеси сүрдүрүлүүдө (видео)

 

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан “Батуми” кафеси буздурулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда мэриядан кабарлашты.

Кабарга караганда, жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барууда. Ошондой эле бул жерде “Тазалык” муниципалдык ишканасынын бузуу бөлүгүнүн жумушчулары иштөөдө.

Белгилей кетсек, «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген.

Мекеменин өкүлдөрүнө ушул 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилип, бирок талап аткарылганбаганы маалымдалды.






Бишкекте "Батуми" кафеси буздурулуп жатат

Бишкекте "Батуми" кафеси буздурулуп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: