Бишкектин мэри: "Жыл аягына чейин 800 даана автобус алып келинет"

Кытайга болгон иш сапар жемиштүү болду. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 24-майда журналисттер менен жолугушканда айтты.
Айтымында, мындан төрт ай мурда 1000 автобус алуу үчүн келишимге кол коюлган.
"Быйыл өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайга болгон иш-сапарында автобус алуу үчүн келишим түзүлгөн заводду көрүп, корпорациянын директору, жетекчилери менен жолугушту. Келишимдин негизинде белгиленген сумманын 30 пайызы которулду. Быйыл автобустардын 500 даанасы келет", - деп, айтты калаа башчы.
Мындан тышкары, ал жылдын аягына чейин 1000 даана автобус келип калышы мүмкүндүгүн билдирди.
"Ошондой эле баарына маалым болгондой үстүбүздөгү жылдын экинчи жарым жылдыгында ЕБРР, АБР менен түзүлгөн инвестициялык долбоорлордун алкагында 120 электр энергиясы менен жүргөн электробус жана газ менен жүрүүчү 100 автобус келет. Жыл аягына чейин Кытайдан жалпы 800 даана коомдук транспорт келүүсү күтүлүүдө", - деди калаа башчысы.


