super.kg logo

Суу чарба департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

Суу чарба департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба дирекциясынын жооптуу кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрушүндө 2010-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясынын башкы суу алуучу объектисин реабилитациялоо жана Ак-Сай айылындагы Коңорчок айылында суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 170 миллион сомдон ашык сметалык баасы менен башталган.

Долбоордун шарттарына ылайык, объектти ишке киргизүү мөөнөтү 2018-жылга белгиленген. Кардар болуп Суу ресурстарын башкаруу дирекциясы, ал эми подрядчы болуп «Тянь-Шань Трэвел» ЖЧКсы, «Каиндинский УССМ» ЖЧКсы, «Эмпайр Групп» ЖЧКсы болуп — кийин анын ордуна «Жагалмай» ЖЧКсы түзүлгөн.

2016-2019-жылдар аралыгында аткарылган иштердин көлөмү боюнча техникалык көзөмөл тарабынан тастыкталбаган шартта, Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба курулуш дирекциясынын директору С.А. белгиленген ишканалардын эсебине акча каражатын которуу менен аткарылган иштердин актыларына кол коюуга уруксат берген. Жыйынтыгында техникалык көзөмөл тарабынан тастыкталган 19 миллион 123 миң 505 сомдук жумуштун ордуна которулган каражаттын көлөмү 88 миллион 432 миң 330 сомго жеткен.

Көз карандысыз инженер-металык адисти тартуу менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, бул ишканалар тарабынан аткарылган иштердин сапатынын техникалык нормаларга жана курулуш эрежелерине ылайык келбестиги аныкталган.

Дирекциянын директору кабыл алган подряддык иштердин суммасы менен техникалык көзөмөл тарабынан кабыл алынган иштердин ортосундагы айырма 50 миллион 185 миң 320 сомду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: