super.kg logo

Өлкө боюнча 1-класска 68 миңге чукул бала катталды

 

10-апрелден 23-майга чейин билим берүү мекемелерине электрондук каттоонун маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына 67 миң 893 бала катталды. Анын ичинен 1 миң 287 бала жеңилдетилген тартипте киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2023-2024-окуу жылына карата 2 миң 84 мектепте 185 миң 549 орун каралган. 23-майга карата электрондук каттоо боюнча эң жогорку активдүүлүк Нарын облусунун Жумгал районунда, мында балдардын 67 Пайффера ы катталган. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 21 пайыз менен белгиленген.

Республика боюнча 999 бала мектепке кабыл алууну күтүүдө. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-класстарына электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, биринчи этапта 10-апрелден 25-июнга чейин балдар ата-энелери катталган дарекке тийиштүү мектепке катталса, экинчи этапта 26-июндан 31-августка чейин ата-энелер бош орундары бар каалаган мектепти тандай алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: