super.kg logo
  Саясат  

Кытайдын бир катар өндүрүш ишканалары менен келишимдер түзүлдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Төрөбаев “YEMA GROUP., LTD” компаниясынын президенти Чен Ган менен жолугуп соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулар боюнча сүйлөштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясына кытай маданияты жана тарыхы тааныштырылып, анын жыйынтыгы менен туризм тармагында эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү макулдашылды.

Андан ары Бакыт Төрөбаев айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуу үчүн “JIUSHENGHE HOLDING GROUP CO.LTD” холдингдик компаниясынын жетекчили менен жолукту. Тараптар Кыргызстанда пахтанын, жүгөрүнүн жана буудайдын жогорку түшүмдүү үрөөндөрүн текшерүүдөн өткөрүү жана жайылтуу боюнча көргөзмө борборун, ошондой эле жогорку түшүмдүү үрөөндөрдүн лабораториясын ачуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен “JIUSHENGHE HOLDING GROUP CO.LTD” холдингдик компаниясынын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча мемерондумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Энергетика тармагы боюнча Минкаб төрагасынын орун басары “ТВЕА” компаниясынын президенти Чжань Синь менен жолугуп, энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Жолугушуунун жүрүшүндө, компаниянын лабораториясын жана заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Мындан тышкары, “Xinjiang Huadian” электроэнергетикалык компаниясынын жетекчиси Хань Сон менен жолугуп Кыргызстандын аймагында күн жана шамал электр станцияларын куруу жана Кыргызстандан СУАРдын түштүк тарабына жаңы курулуп жаткан ЖЭБге көмүр жеткирүү макулдашылды.

Иш сапардын алкагында, “Ютун” компаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда тараптар Кыргызстанга автобустарды жеткирүү үчүн анын каржылоо жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев, Кыргызстан ички жүргүнчүлөрүн ташууда жана аймактар ортосундагы каттамдар үчүн автобустар керектигин билдирди. Анын жыйынтыгы менен “Ютун” компаниясы тарабынан Кыргызстанга автобустарды жеткирүү боюнча сунуштарды жана шарттарды иштеп чыгуу үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: